Жаңылыктар / 03.10.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

611

«Акыйкат шайлоо үчүн» жарандык кыймылы административдик ресурска каршы чара көрүлбөй жатканына нааразы. Аксакал саясатчылар парламентти ишке чыгып, ыплас ыкмаларды колдонуп жаткан аткаминерлерди ооздуктоого чакырышты.

3 млн 31 миң 811 шайлоо баракчаларын добуш берүү участокторуна жеткирүү иштери башталды.

Канат Исаевдин үгүтчүлөрдүн маянасына акча бергени видеого түшүрүлүп, башка максатта колдонулууда. Адвокатынын айтымында, депутат эмнеге күнөөлөнүп жатканын өзү дагы түшүнгөн эмес. Ал эми коомдук ишмерлер өз ара иликтөө жүргүзүп, кызыктуу жагдайларды таап чыгышты.

Добуш берүү тилкелери шайлоо күнүнө толук даяр эмеспи? Прокуратура мүчүлүштүктөр жоюлбаган участоктор боюнча 40тай эскертүү берди.