Жаңылыктар / 03.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

816

Конституциялык реформа жүргүзүү үчүн кеңешме түзүлөт. Ал арада жаңы баш мыйзамдын долбоорунда парламенттин жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык система менен түзүлөт деп жазылганы белгилүү болду.

УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев изделе баштады. Бирок аларга кандай айыптар тагылганы кабарлана элек.

Доллар саат сайын кымбаттап жатат. Кечээ түшкө жакын эле 83 сом болсо, кечке маал акча алмаштыруу жайларында 85 сомго чукулдады. Чет элдик валютанын таңсыктыгына эмне себеп болууда?

Коронавирусту дарылоо боюнча жаңы протокол иштелип чыгууда. Ал арада жакынкы эки апта аралыгында COVID-19га кабылгандардын саны туу чокусуна жетет деп болжолдонду.