Жаңылыктар / 03.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1009

Кыргызстанда миңдеген жарандар бир мандаттуу округдан бара жаткан талапкерлерге добуш бере албайт. Шайлоо дарегин өзгөрткөнгө жетишкендер партияны гана тандай алышат. Бул форма-2 ыкмасынын башка түрүн пайда кылышы мүмкүнбү?

Былтыркыга салыштырмалуу быйыл бир суткада колдонгон электр кубаты 2,3 миллион киловатт-саатка көбөйдү. Энергетиктер аймактарда чектен ашып кетишсе, маал-маалы менен өчүрүүлөр болорун кыйытышууда.

Россиянын вакцинасы менен эмделбеген мигранттар жумуш табууда кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Кыргызстандын эмдөө сертификаттарын таануу процедурасы эмнеге аягына чыкпай жатат?

Көмүрдүн баасы асмандап, жыгач отунга суроо-талап көбөйдү. Бишкекте кыйылган бак-дарактар муктаж үй-бүлөлөргө отун катары таратылууда.