Жаңылыктар / 03.12.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

540

Буга чейин жаш кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелип кармалган таксистке карата дагы 2 аял арыз берди. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Чаткалда милиция кызматкерлерин сабады деп шектелген 15 жергиликтүү тургун кармалды. Сурак берип жаткандардын жакындары нааразычылык акциясына чыгышты.

Бирдей мүмкүнчүлүктөр, тең укуктар! 3-декабрь — ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү.

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз окумуштуулар 4 миң жылдан бери чече албай жаткан алгебралык тапшырманы аткаруунун ыкмасын тапканын жар салды.