Жаңылыктар / 03.12.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1258

Кумтөрдө жоголгон 2 адамды издөөгө куткаруучулардан тышкары альпинисттер, кинологдор дагы тартылды. Кендеги кырсык боюнча кылмыш иши козголо элек.

Кезек кимде? Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов УКМКга чакыртылса, “Бир Бол” фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов күбө катары суралды.

Көркөм сүрөт музейинде ызы-чуу жараткан көргөзмөдөгү ич кийим өңдүү экспонаттарды уюштуруучулар замбил менен алып кетишти. Бул феминнале 15-декабрга чейин созулмай болду.

3-декабрь майыптардын эл аралык күнү. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелсе да, тагдырдын оор сыноосуна моюн сунбай, ийгилик жараткан адамдар бир арага чогулду.