Жаңылыктар / 03.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1362

«Шайлоо комиссияларынын 31 миң мүчөсү аларга басым жасалганын айтып чыгышса, токтоосуз отставкага кетем». Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке шайлоо калыс өткөнүн билдирди.

Боршайком добуштарды колго санап бүттү. Босогону 6 партия басып өттү. Бирок расмий жыйынтык качан чыгары азырынча белгисиз.

Өмүрбек Текебаевге кол салгандар саясатчыдан кечирим сурап барышты. Айтымдарында, кайсы бир кызыкдар адамдар кагыштыруу үчүн ушул ишке барып, ортодо чагым болуп кетти.

Бүгүн майыптардын эл аралык күнү. Кыргызстанда 196 миң адам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.