Жаңылыктар / 04.01.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

620

Бишкек кайрадан дүйнөдөгү эң кир шаарлардын алдына чыкты. Жарандык активисттер өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү талап кылышууда. Калаа мэри эмне дейт?

Октябрдагы башаламандык учурунда жаракат алып, комадан чыккан 24 жаштагы Уланбек жардамга муктаж. Башына операция жасоо үчүн ири суммадагы акча керектелүүдө.

Президенттик шайлоо жана референдум боюнча даярдалган бюллетендер аймактык шайлоо участкаларына жеткирилип, сейфке салынды. Добуш берүү кагаздары ак жана көк түстө болот.

Жакынкы арада мамлекеттик маданий мекемелерде фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салынат. Буга баш ийбеген өнөрпоздор кандай жазага тартылат?