Жаңылыктар​ / 04.02.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1130

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага экинчи кылмыш иши козголду. Ал башка бир судьянын мыйзамсыз иш-аракетин жаап-жашырган деп шектелүүдө.

Жаңы дайындалган министрлер ишти эмнеден башташты? Өкмөт мүчөлөрү жамааттарына тааныштырылды.

Төрт-Гүл суу сактагычындагы каналдын башы Тажикстанга өтүп кеткенби? Эл өкүлдөрү маалыматты тактоо үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунушташууда.

19 жаштагы өз кызын зордуктоого шектелген 36 жаштагы жаран камакка алынды. Пригородное айылынын тургундары анын мындай кадамга барганына ишенбей жатышат.