Жаңылыктар / 04.02.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1497

Министр иштен бошотуп, медициналык жайды кайра түздү. Бирок буга ортопед менен жамааты макул эмес. Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун тегерегиндеги ызы-чуу бүтө элек. Жаңы директорду тааныштырганы келген жетекчини мекемеге киргизбей коюшту.

Ислам мамлекети террордук уюмунун мүчөлөрү АКШ жана Европа өлкөлөрүнө кирүү үчүн Кыргызстандын жасалма паспортторун колдонуп жатышабы? Эл аралык абройлуу басылма журналисттик иликтөө жарыялап, анда Кыргызстандын аты бир нече жолу аталган.

Мас абалында унаа башкаргандар жана жол эрежесин бир нече жолу бузгандар айдоо укугунан ажыратылышы мүмкүн. Министрлик кырсыктарды алдын алуу үчүн бир катар мыйзамдарды катаалдаштыруу сунушун киргизди.