Жаңылыктар / 04.03.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

673

Дүйнөнү каптаган коронавирустан улам Кыргызстандын экономикасы жабыркашы ыктымал. Өлкөдө антикризистик штаб түзүлүп, бардык тобокелчиликтерди кыскартуу тапшырмасы коюлду.

Кытайдан товар импорттоо токтогондон кийин базарларда азык-түлүк кымбаттаганы байкалды. Эттин баасы кескин жогорулады.

Медициналык кызмат көрсөткөн ишкерлерди эскертүүсүз текшерүү демилгеленүүдө. Буга гепатит илдетинин жайылып жатышы себеп болууда.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерге 75 миң сомдон жөлөк пул берилет. Өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери бар.