Жаңылыктар​ / 04.03.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1688

Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдугун берди. Аны кызматтан четтеттүү сунушу президентке жөнөтүлдү.

Аксыда арактан ууланып алты адам каза болду. Айылдык кеңешке талапкерлигин койгон аял чай бергенден кийин көп кишинин абалы начарлаган.

Башкалар таттуу уйкуда жатканда талыкпай эмгектенгендер үчүн жагымдуу жаңылык. “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин айлыгы 40 пайызга көтөрүлдү.

5-март — Ак калпак күнү. Бишкекте майрамды утурлай салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, борбордук аянт шаңга бөлөндү.