Жаңылыктар / 04.03.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1368

Этиканы бузган судьялар президенттин беделине шек келтирет. Судьялардын 12- курултайында мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров Башкы прокуратура, УКМК жана ички иштер министрлигинин кызматкерлерине эскертүү берди.

Доллар дагы 1,5 сомго кымбаттап, 98 сом 50 тыйынды түзүп калды. Валюта рыногундагы мындай олку-солку кырдаал качан токтойт?

Next TV телеканалынын директору 48 саатка камалып, ага карата «кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. УКМК телеканал «кастык козутуучу белгилери бар» маалымат тараткан деп айыптоодо.

Казакстанда күч түзүмдөрү тарабынан кыйноого кабылган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун абалы оор. Ал коомчулукка жардам сурап кайрылууда.