Жаңылыктар / 04.04.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

418

Кыргыз-казак чек арасындагы маселе боюнча Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчилиги Нур-Султан шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Азырынча «Ак-тилек — автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде өзгөрүү жок.

Жогорку Кеңеште экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды. Ал арада УКМК экс-президент кармалды деген маалымат тараткандарды издөөдө.

«Электрондук өкмөт», «Бирдиктүү терезе» жана унаалардын техникалык кароосун жеңилдетүү. Мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун реформаларынын үзүрү.

2 миллион сомдон ашык сүйүнчү чогулткан эгиздер. Президент Сооронбай Жээнбеков 4 эм төрөлгөн үй-бүлөгө белегин берип жиберди.