Жаңылыктар / 04.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

2531

Кыргызстан менен канадалык “Центерра Голд” компаниясы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча келишимге кол койду. Тараптар эч кандай соттошуусу жок мунасага келүү чечимин кабыл алды.

Бишкекте аялды ысык үтүк басып кыйнаган 2 жаран колго түшүрүлдү. Алар үй ээсин коркутуп, 27 миң сомун, уюлдук телефонун, зер буюмдарын уурдап из жашырган.

Транспорт министрлиги Ноокат менен Жумгалдагы таш талканы чыккан жолдор эки жылда жасалат деп ишендирүүдө.

Кышында Кыргызстанга эс алуучулар 30 пайызга аз келди. Жайкы туристтик сезон кандай болот? Жакында эле түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду эмнеге ишин баштай албай жатат?