Жаңылыктар​ / 04.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1168

Тажикстан келишимдерди бузуп, аскердик агрессия аркылуу Кыргызстандын аймагын басып алуу аракетин көрдү. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы билдирүү таратты. Бир тараптуу агрессияда бандиттик түзүмдөр да болгон.

Өкмөт жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына материалдык жардам көрсөтөт. Кенемтенин өлчөмү аныктала элек. Ал эми кол салуу учурунда талкаланган турак жайларды оңдоого 700 миллион сом бөлүндү.

Баткендин чек ара аймактарында жашагандар жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөсүн суранабыз. Саперлор жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандырып жатышат.

Тажикстанга контрабандалык жол менен күйүүчү май ташуу жандандыбы? УКМК аткезчиликке жол берилген жок деп ишендирүүдө. Интернетте болсо май ташыган унаалар тынбай өтүп жатканы боюнча тасмалар көбөйүүдө.