Жаңылыктар / 04.06.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

768

Милиция бөлүмүндө 19 жаштагы Бурулайдын бычакталышына жол бергендер катуу жазаланышы керек! Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчыдан кыздын өлүмү үчүн күнөөлүүлөргө чара көрүүнү талап кылды.

Чет өлкөдөн унааларды алып кирүүгө бажы төлөмдөрү арзандашы мүмкүн. Экономика министрлиги тарифтер кайрадан 2014-жылдын деңгээлине келээрин маалымдады.

Бишкекте Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 11 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрилиги сууга түшүү мезгилинде ата-энелерди балдарына сак болуусун эскертет.

Ысык-Көлдө 26 эс алуу жайы туристтик сезондо иштебей калуу коркунучунда турат. “Республика-Ата Журт” фракциясынын көчмө жыйынында пансионаттардын жана жолдордун абалы талкууланды.