Жаңылыктар / 04.06.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

620

Азиз Батукаевдин иши боюнча экс-башкы прокурор Аида Салянова кармалды. Ага каршы мурдагы орун басары Людмила Усманова жана Нарын областынын прокурору көрсөтмө беришкен.

Тергөө менен кызматташкан кылмышка шектүүлөр түрмө жазасынан кутулуп кетеби? Башкы прокуратура 20дан ашуун адам менен келишим түзгөнүн маалымдады.

Стадиондо баш калкалаган үй-бүлө жардамга муктаж. 6 жылдан бери кароолканада күн кечирип келген 6 баланын түйшүгү жалгыз бой эненин мойнунда.

Кыргызстанда Орозо айтка байланыштуу ача пикир жаралды. Айдын чыгышына жараша бир катар өлкөлөр бүгүн белгилешсе, Муфтият аларды ээрчүүгө милдеттүү эмеспиз дейт.