Жаңылыктар / 04.09.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

395

Катага толгон китептер, контейнер-мектептер жана тендерлерге байланышкан ызы-чуу. Гүлмира Кудайбердиева билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

Эки адамды аоесуз сабагандарды качырып жиберген милиция кызматкерлеринин катары көбөйүүдө. Прокуратура төртөөнө кылмыш ишин козгосо, министрлик бешөөнү жазалады.

Кыргызстандык ишкерлер эмне үчүн капиталын чет жакка чыгарып жатышат? Экономика министри инвестициялык климат начарлап жатканын билдирди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы мыйзамдуу деп табылып, ал тергөө абагында калтырылды. Соттук процесс маалында Атамбаев УКМКнын терезесинен тарапташтарына кол булгалады.