Жаңылыктар / 04.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1466

БШК дагы бир партия менен сотто кездешет. Бул жолу шайлоодон четтетилген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Боршайкомдун чечимине каршы чыгып, сотко кайрыларын билдирди.

Партиялар расмий түрдө үгүт иштерин баштады. 13 саясий бирикменин лидерлери таза шайлоо өткөрүү боюнча меморандумга кол коюшту.

8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Жалал-Абадда катталган жол кырсыгынан каза тапкандардын арасында 8 жаштагы бала да бар.

Коронавирустан көз жумган 18 дарыгерге 1 миллион сомдон кенемте төлөндү. Жумуш учурунда илдет жугузуп алган медиктерге качан компенсация бериле баштайт?