Жаңылыктар / 04.10.17 Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

554

Президенттикке талапкерди колдогону үчүн ур-токмокко алынып, кыйноого кабылган жарандын ишин милиция иликтей баштады. Тартип сакчылары Дурбек Алимжановду сабагандардын артында ким турганын таап чыгышы керек, дешет эксперттер.

Дүйшөнбек Зилалиевге эми катуу сөгүш берилди. Бирок Башкы прокуратура аткаминердин аракетине укуктук баа берүүдөн баш тартты. Мыйзамды одоно бузган вице-премьер-министр бул жолу да кызматын сактап калды.

Канат Исаевди коргоо боюнча комитет түзүлдү. Курамына абройлуу саясатчылар, генералдар кирген уюм ачык жана объективдүү тергөөнү талап кылды.

Мамлекеттик телеканалдар аркылуу жүргүзүлгөн каралоодон натыйжа чыкпаган соң, кара пиарчылар башка жолго өтүштү. Телефондук тиркемелер аркылуу жарандарга жалган маалыматтар таратыла баштады.