Жаңылыктар / 04.10.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

556

Өкмөттүн курамы жаңы жетекчилер менен толукталды. Алардын ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышып, мамлекеттик кызматкерлерди жүрүм-турумун оңдоого чакыра кетти.

Экс-президенттерди кол тийбестиктен кантип ажыратуу керек? Конституциялык палатанын чечимине ылайык, эми өкмөт ал документти жүзөгө ашыруунун механизмин иштеп чыгышы зарыл.

Жолдон өтүү эрежелерин бузган жөө жүргүнчүлөр боюнча рейд башталды. Эми өзүнүн жана башкалардын өмүрүнө коркунуч жаратып, тартип бузгандарга 500 сом айып пул салынат.

«Чыңгыз Айтматов жана замандын чакырыктары». Дал ушундай аталыштагы Үчүнчү эл аралык Ысык-Көл форуму өз ишин баштайт.