Жаңылыктар / 04.10.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

375

5-класстын окуучусу дөңгөлөктүн астында калып набыт болгон кырсык боюнча автобустун айдоочусу кармалды. Кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

Кримтөбөл Азиз Батукаев боюнча иште мурдагы президенттен тарта, экс-башкы прокурорго чейин «коррупция» беренеси боюнча айып коюлду. Иш сотко өткөрүлдү.

«Санариптештирүү» коррупцияны кыскартат. Бишкекте «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» аталышындагы эл аралык конференция болду.

«Чыңгыз Айтматовдун баскан жолу менен». Германиядан келген жоон топ улуу жазуучунун кичи мекенинен тарта Ата-Бейиттеги күмбөзүнө чейин барды.