Жаңылыктар / 04.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

858

Кумтөр боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланышы ыктымал. «Кумтөр Голд компани» ишканасынын юрист-кеңешчиси Женевага болгон иш сапардын айрым пункттарын ачыктады. Швейцариядан кыргыз делегациясы кандай жыйынтык менен кайтты?

Бишкекте жылуулук бериле баштайт. Ал арада борбордо көмүр кампаларында жергиликтүү кара отун тартыш болуп, баасы бир топ көтөрүлүп кетти.

Бишкек мэриясынын алдын жайма базарга айланткан соодагерлер. Ош базарында иштегендер калаа бийлигинин имаратынын алдында нааразычылык акциясын уюштурушту.

Ысык-Көлдөгү аварияда унаанын ичиндеги 84 жана 81 жаштагы күйөөсү менен аялы көз жумду. Маалыматтарга караганда, набыт болгондор — крим.төбөл Рысбек Акматбаевдин ата-энеси.