Жаңылыктар / 04.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

943

Чагылгандай тездиктеги спикер алмаштыруу. Жогорку Кеңештин депутаттары өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүп, кыска убактыттын ичинде эле төраганын отставкасын кабыл алып, кийинкисин шайлап коюшту.

Финполициясы депутат Кубанычбек Жумалиевге тиешеси бар делген бир катар кеңселерде тинтүү жүргүздү. Буга чейин парламентарийге чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган болчу.

Коронавирус менен күрөшүү үчүн эл аралык донорлордон бөлүнгөн каражаттар кайда жумшалган? Башкы прокурор Курманкул Зулушев ишин дал ушул суроодон баштай турганын билдирди.

Кайгыга салган бөйрөктүн өнөкөт оорусу. Бейтаптар армандарын айтып тиешелүү министрликтин алдына митингге чыгышты.