Жаңылыктар / 04.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1286

Бишкекте кийим тигүүчү цехтен өрт чыгып, 4 жаштагы кыздын өмүрүн алды. Бөбөк ал жакта кандайча болуп калганы иликтенүүдө. Өрттү өчүрүүгө 3 бригада тартылган.

Кыргызстан Талибан кыймылын таануу маселесин караган жок. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Афганистанда 5 күн жүрүп келген соң, Бишкекте өткөн конференцияда Кыргызстандын позициясын билдирди.

Кара-Кечеде тоо көчүп, Бишкектеги отун базаларда көмүр түгөнүп калды. Шаардыктар кара алтынды эми кайдан алышат? Кыргыз-Көмүр ишканасы кендеги кырсык көмүр ташууга кедергисин тийгизбейт деп ишендирүүдө.

Конгон адат калбай жатабы? Аткаминерлердин талапкерлерге жан тартканы уланууда. Коопсуздук кеңешинин катчысы мамлекеттик кызматкерлерге дагы бир жолу эскертүү берди.