Жаңылыктар / 04.12.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

926

Бишкектеги Ош базарында кайрадан өрт чыкты. Бул ирээт 40 ишкердин соода жайы күйүп кетти.

Чаткалда милиция кызматкерлерин сабады деп шектелген 14 жергиликтүү тургунга 2 берененин негизинде кылмыш иши ачылды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жардам сурап башкы прокуратурага кайрылды. Медиктер табып Хашим Зайналиевге карата чара көрүүнү суранышууда.

Кытайдан келген этникалык кыргыздар акыйкатчыга кайрылышты. Алар Кытайдагы жакын туугандары куугунтукталганын айтып даттанышууда.