Жаңылыктар / 04.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1420

65 киши шымаланып чыкканы менен саясий таймашка 20сы гана катышчудай болуп калды. Президенттикке талапкер болгусу келгендер Боршайкомго кол коюлган баракчалары менен 1 миллион сомдук күрөөсүн тапшырышты.

Өлкөдө 80 миңге чукул тигүүчү жумушсуз калганын айтып, жеңил өнөр-жай ассоциациясы коңгуроо кагууда. Ал арада жумушсуз отурган 5 миңдей тоо-кенчи өкмөттөн ишти улантууга кепилдик күтүп жатканын билдиришти.

Базарларда асман чапчыган баалар жана чөнтөгү жука пенсионерлер. Улгайган адамдар алган каражаттарын айдан-айга жеткире албай убара. Алар наркка жараша пенсиянын көлөмү да көбөйсө дешет.

«Башканы коюп Манасты айт!». Өлкөдө “Манас” эпосунун күнү белгиленүүдө. Негизги максат — кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасын даңазалап, муундан-муунга жеткирүү.