Жаңылыктар / 05.01.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1103

Жогорку соттун төрайымы тергөөчүлөрдү тоготпой жатат. УКМК ал суракка келбей жатат деп билдирсе, Гүлбара Калиева ооруканада дарыланып жатканын кабарлады. Тартип комиссиясы Калиева боюнча маселени кароону белгисиз убакка жылдырды.

Өмүрбек Текебаев парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчилигинен кетип, ордуна башка лидер келди. Эл өкүлүнүн мындай кадамга барышына эмне себеп болду?

Бишкекте техногендик апаат чыгып кетүү коркунучу бар. Айлана чөйрөнү коргоо агенттиги буга таштанды полигону себеп болот деп коңгуроо кагууда.

Бишкек-Кара-Балта трассасын оңдоо иштери 3 жылдан бери бүтпөй келет. Жолду кеңейтүү үчүн төрт миңдей бак-дарак кыйылды. Дагы төрт жүздөйү жок кылынганы турат.