Жаңылыктар / 05.02.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

493

Кыргызстанда коронавирусту тез аныктоочу реагенттер колдонула баштады. Россиядан алынып келген медициналык каражаттын жардамы менен адамдарды 2 жумалап карантинге албай эле койсо болот.

Жогорку Кеңеш Эркин Асрандиев менен Замирбек Аскаровдун талапкерликтерин жактырды. Отурумда депутаттар өкмөттүн дарегине катуу сын-пикир айтканга да жетишишти.

Айрым саясий партиялар шайлоо өнөктүгүнө карата ребрендинг кыла башташса, кээ бирлери 9 пайыздык босогону төмөндөтүү аракетин көрүп жатышат.

Көңүлү ток милиционерлер коомдук тартиптин кепилиби? Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасынын жогорулашы бул тармакка ишенимдин жогорулашына шарт түзөбү?