Жаңылыктар​ / 05.02.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1208

3 жуманын ичинде Жогорку Кеңештин эки депутаты коррупцияга шектелип кармалды. Кубанычбек Жумалиев 4-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Торт-Күл суу сактагычы жана ага куйган каналдар Кыргызстанга карайт. Премьер-министр Улукбек Мариповдун парламентте айткандары боюнча өкмөт түшүндүрмө берди.

Бишкектин Ош базарынын айланасынын ар кайсы жеринде соода кылгандар митингге чыгышты. Чогулгандар аларга шарт түзүп берүүнү талап кылышууда.

“Манас” эпосундагы каармандардын элеси кийиз бетинде. Кол өнөрчүлүктүн өзгөчө түрү менен алектенген мугалимдин керемет эмгектери.