Жаңылыктар / 05.03.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

925

Мурдагы эл өкүлү Каныбек Осмоналиев 2 айга тергөө абагына камалды. Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгаруу талабы менен уюштурулган митингден кийин кармалгандардын саны 8 кишиге жетти.

Коронавирустун кесепети Кыргызстандын экономикасына таасир этиши мүмкүнбү? Жаңы түзүлгөн Антикризисттик штаб кырдаалдын бизнес чөйрөсүнө тийгизе турган таасирин талдай баштады.

Опера жана балет театрында спектаклдер убактылуу токтотулса, марттын соңуна пландалган Жаштар фестивалы азырынча өткөрүлбөй турган болду. Бир топ мамлекеттик иш-чаралар жылдырылып жатат.

Көк мелжиген Ала-Тоонун символу болгон Ак калпак! Өлкөдө кыргыздын улуттук баш кийими Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленүүдө.