Жаңылыктар / 05.04.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

484

Кыргыз-казак чек арасында маселе жакын арада чечилбесе, Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары өз укуктарын пайдаланат. 15 күндөн бери биринчи жолу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев абал боюнча үн катты.

Дарыгерлер чарчап калды деген ымыркай тирүү төрөлгөн. Акушерлердин шалаакылыгынан башы жарылган наристе боюнча комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө башталды.

Талас эли Өмүрбек Бабановду күтүп жатат. Таалстыктар маалымат жыйынын өткөрүп, мурдагы премьер-министр, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун өлкөгө келүүсүнө шарт түзүлүшүн талап кылышты.

Балдардын китебине каралган 13 миллион сомдон ашык акча кайсы аткаминерлердин чөнтөгүнө кетти? Окуу куралдарын басып чыгаруудагы мыйзам бузуулар боюнча бир нече жетекчиге кылмыш иши козголду.