Жаңылыктар​ / 05.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1173

Көчөдөн ит тиштеп алган 12 жашар баланын абалы туруктуу. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, кутурмага каршы эмдөө алды. Ал эми окуучуларга кол салган ит менен анын ээси табылбай жатат.

Каш-кабактын ортосундагы кырсыктан улам ири чыгымга учураган айдоочу коомчулукка жардам сурап кайрылууда. Чет өлкөдөн унаа тартып келе жаткан тралы менен кошо андагы машиналары күйүп кетип, чыгым 65 миң долларды түзүүдө.

Жол эрежесин бузгандардын айып пулу азайтылышы ыктымал. Тиешелүү документ өкмөттө каралууда. Адистер болсо рулга мас болуп отурган айдоочулардын айыбын тескерисинче көбөйтүү сунушун беришүүдө.

Падышалык доор, мекенге болгон сүйүү жана түрк элинин салт-санаасын, үрп-адаттарын камтыган сериал. НТС каналында «Селчук каганаты» аталышындагы сериал көрсөтүлө баштады.