Жаңылыктар / 05.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

3026

Кыргыз эли эки залкарын акыркы сапарга узатты. Кыргыз эл акыны Омор Султанов менен Кыргыз эл артисти Марат Алышпаевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Улуттук госпиталда сүнөткө отургузулган 7 жаштагы баланын өлүмүнөн кийин бир дарыгер иштен алынып, урология бөлүмүнүн жетекчисине сөгүш жарыяланды.
Жүк ташуучуларга Казакстан аркылуу өтүү азапка айланды.

Учурда үч пунктта айдоочулар суткалап кезек күтүшүүдө. Арасында жашылча жемиш ташып бараткандары ири чыгымга учурап жатканын айтып нааразы. Туура бир жыл мурда 27 жаштагы Айзада Канатбекова уурдалып, киши колдуу болгон. Анын өлүмүнөн кийин кызматтан алынган милиционерлер кайрадан кызматтарга дайындалып жатабы?