Жаңылыктар / 05.06.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

817

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал! Мамлекеттик чек ара кызматы чыр-чатакка тажик жоокерлеринин мыйзамсыз аракеттери алып келгенин билдирүүдө.

Бажы тармагынын дагы бир чоң кызматкерине олуттуу айып тагылууда! Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиев камакка алынды.

Кыргызстандын тышкы карызынын 44 пайызын Кытай берген насыялар түзөт! Депутаттар бир булактан кредиттерди алууга чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташууда.

Жаңы курулуп бүтүп, кайра бузула баштаган жолдор. Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде жолдорунун абалы эң начар өлкөлөрдүн катарына кирди.