Жаңылыктар / 05.10.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

746

«Айтматов жана доор чакырыктары» деп аталган эл аралык форум өз ишин баштады. “Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында ачылышы болгон Ысык-Көл форуму 7-октябрга чейин Ысык-Көлдө уланат.

Тоо эчкисин улагы менен кошо аткан аңчылар изделип жатат. Мыйзам боюнча мергенчилердин кийик атууга лицензиясы болсо дагы, кайберенди баласы менен атууга тыюу салынган.

Чыңгыз Айтматовдун кылым карыткан мугалими. Убагында улуу жазуучуга математиканы окуткан 99 жаштагы Анна Крамарева учурда карылар үйүндө жашайт.

Ордолуу Ош шаарынын күнү. Өзүнүн 3018-жылдыгын белгилеп жаткан түштүк борбордогу маданий иш-чаралар.