Жаңылыктар / 05.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

865

Саясий чайкоочулук, кызмат бөлүштүрүүнүн арты менен келген жоопкерсиздик жана алешеми чыккан шайлоо. Президент Садыр Жапаров былтыркы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал эми жабыркагандар бир жыл мурдагы ушул күндү эстеп, Үмүтбекке багыштап куран окушту.

Бишкек жылуулук электр борборуна күз-кыш мезгилдери үчүн 1 миллион 650 миң тонна көмүр зарыл. Учурда ишкананын кампасында 281 миң тонна кара отун бар. Кышында Бишкек ТЭЦинде көмүр таңсыктыгы жаралбайбы?

Жакынкы бир аптада күйүүчү-майлоочу май дагы 1,5 сомго кымбатташы күтүлүүдө. Нефтетрейдерлер ассоциациясы болсо бааны туруктуу кармоо үчүн өкмөттөн акциздик салык менен кошумча нарк салыгын азайтууну өтүнүүдө.

Кычыраган кыш жакындаган маалда 4 баласы, ата-энеси менен үйсүз калган кош бойлуу эне. Чүйдүн Новоповловка айылында турак-жай өрттөнүп, 8 адамдан турган үй-бүлө көчөдө калды.