Жаңылыктар / 05.11.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

552

Патрулдук милиция кызматы кайрадан түзүлөт. Анын долбоорун даярдаган эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов президент Сооронбай Жээнбековго маалымат берди.

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча мекемелер аралык комиссия кайрадан сотко кайрылат. Алар Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимине макул эмес.

Чүй областы боюнча калкты тейлөө боюнча эң ири борбор ачылды. Анда толугу менен автоматташтырылган система иштейт.

Карыялар менен ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын клуб. Кары-картаңдар спорт менен машыгып, музыкалык аспаптарда ойноп, ден-соолугун чындай алышат.