Жаңылыктар / 05.11.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1818

Катуу тартиптеги №3 түзөтүү колониясында 20 жаштагы жоокер каза болду. Ал бир жумадан кийин аскердик милдетин өтөп бүтүп, үйүнө кетүүгө камданып жаткан.

Бишкекте тез жардам унаасы кабылган жол кырсыгынан жабыркаган баланын абалы оор бойдон калууда. Ал жеңил унаанын ичинде бараткан.

Оор берене боюнча айыпталып, бирок өлкөдөн качып кеткен мурдагы аткаминерлердин саны өсүүдө. Алардын Кыргызстандан чыгып кетишине соттор шарт түзүп жатышабы?

Өрттөн кийин көчөдө калган үй-бүлө жардамга муктаж. 15 мүнөттүн ичинде турак-жайы күлгө айланган 3 баланын ата-энеси көрүнгөндүн үйүндө баш калкалап жүрүшөт.