Жаңылыктар / 05.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1065

Өлкөнүн алтынын күрөөгө коюп насыя алып, бюджетти 1 миллиард долларга сызга отургузган компаниялар аныкталды. Алар тыштан алынган кредиттерди коррупциялык жолдор менен кайра тышка чыгарып кетип турушкан.

Жогорку Кеңештин талкаланган имаратын оңдоп-түзөөнү депутаттар өздөрү колго алышты. 70тен ашык эл өкүлү 100 миң сомдон чыгарууга макул болушту.

Камчы Көлбаев №47 түзөтү колониясына которулду. Анын баш коргоо чарасы али күнгө чейин аныктала элек. Ал арада УКМК «Көлбаев жакында кое берилет экен» деген ушактарды таратуудан алыс болууга чакырды.

Бишкекте курулган көп кабаттуу 20 турак-жай түрттүрүлүшү ыктымал. Буга алардын мыйзамсыз салынганы себеп болууда. Анда жашаган тургундар кайда барат?