Жаңылыктар / 05.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1356

Бир мандаттуу шайлоо округунан чыккан кайсы талапкер Боршайкомдун мүчөлөрүнө басым жасаган? Укук коргоо органдарына арыз түштү. БШК менен партиялар таза шайлоо өткөрүү боюнча меморандумга кол коюшту.

5 жашар кыздын өлүмү менен аяктаган өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги электр жылыткычтарды туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Жол кире акысы кымбаттаганы менен транспорт көйгөйү чечилген жок. Шаар тургундары сааттап унаа күтүп калышууда. Мэрия бул маселени качан чечет?

Кышында электр энергиясын көп сарптаган ишканаларда жарык өчүрүлүшү мүмкүн. Энергетиктер мончо жана сауналарга энергиянын башка булактарына өтүүнү сунушташты.