Жаңылыктар / 05.12.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1643

Депутат контрабандачы менен коррупционерлерди камчылоону сунуштады. Парламентте жемкорлукка жана аткезчиликке каршы күрөштүн жүрүшү талкууланды.

Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов жасалма номур тагылган унаа айдаганын четке какты. Чуу жараткан «578 АSD» номуру тагылган унааларга издөө жарыяланды.

Бишкекте бир айдоочу чак түштө көчөнүн ортосунда ок чыгарды. Милиция унаа ээсин издөөгө алды.

Ашыкча смартфонуң болсо пенсионерге белекке бер! Кыргызстанда улуу муунду санариптик процесстерге аралаштыруу үчүн кайрымдуулук акциясы башталды.