Жаңылыктар / 06.02.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

442

Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткенде эки киши коронавируска кабылды деген маалыматты четке какты. Бирок Кытайга барып келген эки адамдын дене табы көтөрүлүп, изоляторго алынганын ырастады.

Соттордун тартип комиссиясы коррупционер Насирбек Алмаматовду бошоткон 3 судьянын жоопкерчилигин карай баштады. Фемида өкүлдөрүн кандай жаза күтүп турат?

Кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкарууну так тандап алышы керек. Жогорку Кеңеште референдум өткөрүү демилгеси көтөрүлдү. Жакында мыйзам долбоору сунушталганы турат.

«Тазалыкчылар» 100 миң сомго чейин айлык алышабы? Муниципалдык мекеме менен вице-мэрдин тирешүүсү уланууда. Эки тарап тең эсеп-дүмүрчөктөрүн көтөрүп чыгышты.