Жаңылыктар / 06.03.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

901

Коронавирустун кесепеттери. Кыргызстандыктарга Казакстанга ID карта менен кирүүгө тыюу салынды. Эки жакта тең эпидемиологиялык абал туруктуу деп белгиленүүдө.

Кыргызстанда ишкерлик кылам деп сызга отурган чет элдиктер өкмөт башчы менен депутаттарга кайрылышты. Инвесторлордун айтымында, шылуундар аларды 1 миллион 300 миң долларга банкрот кылышкан.

Баласы менен турган келинди маршруттук таксиден түшүрүп салган айдоочу ишинен убактылуу четтетилди. Ал өзү окуя башка өңүттө болгонун айтып актанууда.

Кыргызстан кайрадан «жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарында. «Фридом Хаус» отчетун жарыялап, анда Борбор Азиядагы башка мамлекеттер «эркин эмес» деп табылды.