Жаңылыктар / 06.04.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1042

Парламенттеги 2 фракция Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын ишин канааттандырарлык эмес деп тапты! Ошондой эле, анын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

Кыргызстан Түркия жана Бельгия менен саясий жана соода-экономикалык байланышты чындайт! Президент Сооронбай Жээнбековдун келээрки жумада Анкарага жана Брюссельге сапар тартат.

Өз өмүрүн кыйган жоокерлердин ата-энелерине 1 миллион 40 мин сом кенемте төлөп берүү зарыл. Бул тууралуу документ Жогорку Кеңеште карала баштады.

Окуучулардын өмүрүнө коркунуч келтирген дагы бир авариялык абалдагы мектеп. Ноокат районунун Маданият айылындагы билим берүү жайы урап калуу алдында.