Жаңылыктар​​ / 06.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

946

Күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлөт. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү бензин 6 пайызга, дизель майы 9 пайызга кымбаттайт деп күтүлүп жатканын билдиришти. Айдоочулардан мурда азыр дыйкандардын абалы кыйындады.

Баткен областына «өзгөчө» макам берүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ кабыл алынып калса аймактын өзүнчө бюджети болуп, область жетекчисинин ыйгарым укуктары кеңейет.

Борбордо эпидемиологиялык кырдаалдын курчушунан улам Бишкек шаары «кызыл зонага» киргизилди. Мэрия 55 жаштан өткөн жарандарга жана тобокелдик тобуна киргендерди үйдө болууну сунуштоодо.

1-майдан тарта өлкө жарандарына ID картасын бекер берүү боюнча Улуттук кампания башталат. Бирок идентификациялык карталар 5 категориядагы адамдарга гана акысыз берилет.