Жаңылыктар / 06.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1156

Кыргыз-өзбек чек арасында окко учкан кыргызстандык 2 жарандын сөөгү кайтарылды. Алар коңшу өлкөгө аткезчилик менен жүк өткөрүп бара жатканда каза болгон.

Диплому жасалма болушу мүмкүн делген мамлекеттик кызматкерлердин тизмеси узарууда. Алардын арасында 3 депутат, 1 министр, 1 губернатор бар. Эмне үчүн УКМК алардын аттарын ачыктабай жатат?

Калкты тейлөө борборлорундагы калың кезек. Жарандар тейлөөнү тездетүүнү талап кылышууда. Ал арада паспорттордун сапаты боюнча да маселе пайда болду. Документтеги жарандардын маалыматтары камтылган чип түшүп калууда.

Бишкекте 60 жылдай иштеп, жараксыз абалга келген муниципалдык мончо азыр селсаяктардын баш калкалоочу жайына айланды. Калаа мэриясы быйыл жаңысы салынат деп убадалоодо.