Жаңылыктар / 06.05.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

588

Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалган дарыгерлердин тарапташтары президентке кайрылышты. Онкологдор кримтөбөлдү текшермек тургай, көрбөптүр. Анда лейкоз деген аныктаманы жаздыруунун артында ким турган?

Кайрадан түзүлгөн Патрулдук милиция тармактагы ишти алдыга жылдыра алабы? Мурдагы мүчүлүштүктөрдөн сабак алындыбы? Ушул күздөн тарта жаңы кызмат ишке кирет.

Чүй областынын 3 миңдей тургуну кайрадан митингге чыгууга камданууда. Кызыл китеби бар туруп, үй кура албай жүргөндөрдүн чыдамы кетти.

Улуу Ата Мекендик согушта душмандын мизин кайтарган ардагерлердин катары суюлууда. Быйыл Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын 344 ардагер гана тосот.