Жаңылыктар​ / 06.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1283

Баткен коогасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон кенемте төлөнүп, жабыр тарткан айылдардын ордуна жаңы заманбап турак-жайлар курулат. Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Баткенге барды.

Кыргызстан Тажикстан менен биргелешкен билдирүүсүн жарыялады. Ага ылайык, Тажикстандын Кожалы айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жол салынып, чекти бөлүүдө 89-жылдагы паритеттик комиссиянын документтери колдонулат экен.

Үйлөрү толугу менен өрттөлүп, ээн калган кыштак. Бир тараптуу куралдуу агрессия учурунда толугу менен жок кылынган Көк-Терек участкасынын тургундары үчүн Ак-Татыр кыштагынан 20 тилке бөлүнүп берилет.

Бишкекте жашыл дарактарды соолутууга кимдер кызыкдар? Борбор калаанын сегизинчи кичи районундагы кара бактар атайын козолуп, ага уулуу суюктук куюлганы белгилүү болду.