Жаңылыктар / 06.06.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

828

Бишкек ТЭЦи боюнча камалгандардын саны онго жетти. Коррупция боюнча кылмыш иши козголгон Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматовдон кийин эле Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев абакка киргизилди.

Өгөй атасы мыкаачылык менен сабаган бөбөктөр! Бараар жери жок жаш келин зөөкүр күйөөсүн кечирүүгө даяр экенин айтып жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды Жогорку Кеңеш өзүнчө талкуулаганы жатат. Депутаттар өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырууну талап кылышууда.

Жаштар ала качууга каршы! Бишкекте жүздөгөн студенттер флеш-моб аркылуу кыз ала качууну токтотуу жана кыздарды эрте турмуш курууга мажбурлабоого үндөштү.